www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадамжай районунда өткөрүлүп жаткан «Лидер» профилактикалык рейдинин алкагында уурулук фактысы аныкталып, шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-июлда Үч-Коргон айылында 43 жаштагы тургун жүк ташуучу унаасында уктап жаткан учурда белгисиз адам анын ичинен 18 миң сомдук «Redmi Note 13» үлгүсүндөгү телефонун уурдап кеткен.
Бул факт боюнча Кадамжай РИИБге маалымат катталып, ыкчам-издөө иштери жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Ош облусунун Ноокат районунун тургуну М.Т. аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.