www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча иштерин улантууда.

Өкүлчүлүк тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында Россиянын «Приоритет» жоопкерчилиги чектелген коомунан эмгек акы боюнча карызы бар Кыргызстандын 18 жаранына каражаттарын өндүрүп алууга көмөк көрсөтүлдү.

Натыйжада жарандарга жалпы суммасы 1 миллион 648 миң 300 рубль өлчөмүндөгү эмгек акы карызы төлөнүп берилди.

Министрликтен билдиришкендей, Өкүлчүлүк Россия аймагында эмгектенип жаткан кыргызстандыктардын эмгек укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүп келет.

Последние новости