www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын дыйкандары өндүргөн продукциясын күрөөгө коюп насыя ала алат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Айыл чарба министрлигинин башкармалыгынын башчысы Уран Чекирбаев билдирди.

Анын айтымында, насыя алуу үчүн дыйкандар түшүм сактала турган кампалардан күрөөгө коюлуучу кампа күбөлүгүн алышы керек.

“Буга чейин насыя алуу үчүн дыйкандар кыймылсыз мүлкүн же техникасын күрөөгө коюшчу. Бирок, мал-мүлкү жок дыйкандар насыя ала албай калган учурлар болгон. Бүгүн биз дыйкандарга өз продукциясын гарант катары калтырууну сунуштап жатабыз. Кампа квитанциясын алып, каалаган каржы институтуна насыя алуу үчүн кайрылыңыз, ал аркылуу ал өз муктаждыгын жаап, кийинчерээк товарды жеткиликтүү баада сата алат”, - деди ал.

Чекирбаев белгилегендей, өз кезегинде кампа ээлери продукцияны талап боюнча сактоо үчүн зарыл шарттарды түзүп берүүгө милдеттендирилет.

“Кампа күбөлүктөрүн берүүнү Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы көзөмөлдөйт, ал эми күбөлүктөрдү берүү кампалардын ээлери тарабынан ишке ашырылат. Ошондой эле бардык коммерциялык жана мамлекеттик банктар өнөктөш катары чыга алат. Бүгүнкү күндө банктар менен насыя берүүнүн шарттары жана үстөк пайызы боюнча сүйлөшүүлөр уланууда”, - деди Улан Чекирбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости