www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда окуу жылы  мурункудай 1-сентябрда башталат. Былтыр Билим берүү жана илим министрлиги жөөлүп кетип, окуу 15 сентябрда башталган. Маалыматка ылайык, министрлик министрлер кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык, республикада билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде окуу жылынын узактыгынын оптималдуу мөөнөттөрү белгиленгендигин билдирет.Ошентип, жалпы билим берүүчү уюмдарда, башталгыч кесиптик билим берүү, орто кесиптик билим берүү уюмдарында окуу жылы 1-сентябрда башталат. Андан сырткары, ведомстводон КРнын жогорку окуу жайларына кабыл алуунун тартибине өзгөртүүлөр киргизилгенин белгилейт.

41 жыл директор болгондор бар экен, калган 996 директордун көпчүлүгү 30-40 жыл мектеп директору, пенсиядагылар. Бул мыйзамды көпчүлүк 30-40 жылдап иштеп жаткан директорлордон кутулабыз деген үмүт менен күткөн. Көрсө Бейшеналиевдин жөн эле чампылдамасы экен. Эки миңден ашуун мектеп директорлорунан пара алуу үчүн Бейшеналиев жаңы мыйзам киргизиптир. Ач министр эптеп директорлордон өөнөгөн жатыртыр.

“Учурдагы мектеп директорлору билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин сынактык тандоосуна катыша алышат”, - деп оозу-мурду кыйшайбай туруп айтты Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев журналисттер менен болгон жолугушууда. Бул деген мындай 30 жылбы же 40 жылбы директор иштей берет, анан конурстук сынакка катышып дагы 5 жылга директорлук ордун бекемдеп алат. Алмазбек Бейшеналиев белгилегендей, беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматтан алынат деген маалымат чоң резонанс жараткан. Бишкек шаарындагы №61 мектеп-лицейинин директору боюнча кайрылуулар көп. Анын кызматтан алынышына тынчсызданып жатышат. Бирок ал сынакка катыша алат, учурдагы мектеп директорлоруна эч кандай тыюу салынган эмес.

Алмазбек Бейшеналиев конкурстук тандоо жана директорлук кызматты ээлөө боюнча чектөөлөрдү киргизүү туура чечим деп эсептейт. Алмазбек Бейшеналиевдин айтымында, айрым мектептерде директорлор 20 жана андан көп жылдан бери кызматта иштеп келишет.

«Ал эми бир мектеп бар, анда директору эркек, бирок анын аялы иш жүзүндө баарын башкарат», - дейт министр. Ал окуу жайдын номурун айтпай турганын кошумчалады. Кыргызстандагы мектептердин директорлорунун бири бул кызматты 41 жыл аркалаган. Ал 5 жылдан ашык иштеген 966 директор ээлеген кызматынан бошотуларын эске салды. Региондор боюнча бул көрсөткүч төмөнкүдөй көрүнөт:

• Ош облусу – 254;
• Жалал-Абад облусу – 198;
• Баткен облусу – 104;
• Нарын облусу – 41;
• Талас облусу – 41;
• Чүй облусу – 153;
• Ысык-Көл облусу – 78;
• Бишкек - ​​71;
• Ош - 26.

Эмки реформалар мектептерде өзүн-өзү билип кичинекей хандыктарга, графтарга, герцогдорго айланган мектеп директорлоруна жетти. Анткени, кээ бир жерде мектеп директорлору «Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем» деген принциптерине таянып, мектептин окуу-тарбия иштери боюнча орун басарларын өзүнүн жакын туугандарын, өң тааныштарын коюп коюшуп, биргелешип жакшы иштеп жаткан мугалимдерге каршы иштерди жүргүзүп, акырында мындай мугалимдерди кетирүүгө аракет жасашат. Логика түшүнүктүү эптеп иштеп директорлорго көз каранды мугалимдер көп болсо, өз алдынча иштеп мектеп директорлору менен теңме-тең иштеген мугалимдерге караганда жакшы болот эмеспи. Бул жерлерде окуунун сапаты экинчи орунга чыгып, биринчи орунга мектеп директорлорунун жеке кызыкчылыгы чыгып калат.

 Конкурс аркылуу тандап алуу системасы киргенден кийин 966 мектеп директору иштен алынат. 5 жылдан ашык иштеген 966 мектеп директору кызматынан алынып, кайра конкурс аркылуу шайланабы? Мунун кандай айырмасы бар? Алмазбек Бейшеналиевдин айтымында, мындан ары директорлор ар беш жыл сайын сынактан өтүп турат:

"Жогорку Кеңештин депутаттарына, жогорку окуу жайлардын ректорлоруна беш жылдык мөөнөт берилип жатпайбы. Андыктан директорлор беш жылдык мөөнөттө өзүнүн ишин толук көрсөтө алат. Учурда өлкөдө беш жылдан ашык иштеген 966 мектеп директору бар. Жакшы иштеп жаткан директорлорго тоскоолдук болбойт, конкурстан өтсө кайра ордуна дайындала алат", — деди Бейшеналиев.

Ошондой эле ал иштегенине беш жыл боло элек 1200 мектеп директоруна мөөнөтү келгенде конкурс өтө турганын кошумчалады. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык баштапкы, негизги жана жалпы орто билим берүү уюмдарынын (мындан ары – жалпы билим берүү уюмдары) жетекчилеринин жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүүгө багытталган кадр саясатын ишке ашыруу, билим берүү чөйрөсүн башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо системасы киргизилсин.

  1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
    – жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору» мекемеси тарабынан борборлоштурулган негизде жүргүзүлөт;
    – жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоо конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча иш берүүчүлөр тарабынан 5 жылдык мөөнөткө жүзөгө ашырылат;
    – конкурстук тандоо жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына, ушул Жарлык күчүнө кирген күнгө карата 5 жылдан ашык иштеген жетекчилердин кызмат орундарына өткөрүлөт;
    – кызмат ордунда 5 жылдан ашык иштеген жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери ушул Жарлык күчүнө кирген күндөн тартып ээлеген кызмат ордунан бошотулду деп эсептелет, иш берүүчүнүн чечими боюнча жаңы жетекчи дайындалганга чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын убактылуу аткара алат жана жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык башка талапкерлер менен катар жалпы негиздерде жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна конкурстан өтүүгө укуктуу.
    3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
    – ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
    – өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
    4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
    – жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоону өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине коюлуучу квалификациялык талаптарды иштеп чыксын жана бекитсин;
    – конкурстук тандоону өткөрүү үчүн тесттик инструменттерди иштеп чыксын жана апробациядан өткөрсүн;
    – 2022-жылдын жана кийинки жылдардын ичинде жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына, ушул Жарлык күчүнө кирген күнгө карата 5 жылдан ашык иштеген жетекчилердин кызмат орундарына конкурстук тандоону уюштурсун.
    5. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары конкурстук тандоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.

Жакында Акылбек Жапаровдун айтымында, жакын арада министрлер кабинетинде документке кол коюлуп, ага ылайык жетекчилер аттестациядан өтүшү керек. Жаңычыл мамиле жасаган жетекчилер гана мурдагы кызматтарында калат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров минтип айткан: «Документке кол коебуз, баарын штаттан чыгарабыз, аттестация өткөрөбүз. Жаңычыл көз караштагы адамдар алынат. 20-30 жылдан бери иштеген мектеп директорлоруна ротация болот. Иштелип чыккан өлкөлөрдө бир директор 5-6 мектепти жетектейт. Эгерде алар профессионал болсо, анда силер да ошондой иштесеңер болот. Мындай механизмдерди карап жатабыз».

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости