www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын экономикасы 2030-жылга чейин жыл сайын кеминде 8 пайыздык өсүштү камсыздоону максат кылууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Алматы шаарында өткөн Евразия өнүктүрүү банкынын жылдык жыйынында билдирди.
Министрдин айтымында, акыркы жылдары өлкө туруктуу экономикалык өсүштү көрсөтүп, 2021–2025-жылдар аралыгында ИДПнын орточо өсүшү 10 пайызга жакын болгон. Бул көрсөткүч Евразия аймагындагы эң жогорку деңгээлдердин бири болуп саналат.
Өкмөт экономикадагы өсүштү өнөр жайды өнүктүрүү, инвестицияларды көбөйтүү, энергетикалык потенциалды пайдалануу, логистика жана сооданы кеңейтүү, ошондой эле туризм менен айыл чарбасын өнүктүрүү аркылуу колдоону пландап жатат.
Экономика министри Бакыт Сыдыков белгилегендей, бул максаттарды ишке ашыруу үчүн ири инвестициялар жана эл аралык каржы институттары менен тыгыз кызматташтык талап кылынат.