www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчилигинде Кыргызстандын Индиядагы Элчиси Аскар Бешимовдун индиялык ишкер жана маданий чөйрөнүн өкүлдөрү – «Pythian Games» уюмунун негиздөөчүсү Бижендер Гоэл жана «Global Trade & Technology Council of India» (GTTCI) уюмунун президенти Гаурав Гупта менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-индия кызматташтыгын, анын ичинен Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелери талкууланды. 2026-жылдын 24-27-мартында Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк Дельфий оюндарына индия делегациясынын катышуусуна өзгөчө көңүл бурулду. Элчи А. Бешимов Б. Гоэл менен иш-чараны уюштуруу жана логистикалык маселелери, ошондой эле Индиянын бай маданий мурасын таанытуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Г. Гупта 2026-жылдын февраль айынын аягында GTTCI уюмунун бизнес-делегациясынын Кыргызстанга сапарын уюштуруу пландары тууралуу маалымдап, IT, айыл чарба, фармацевтика, туризм жана жашыл энергетика тармактарында өнөктөштүктү түзүү жана биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу ниетин билдирди. Элчи тиешелүү түзүмдөр менен жолугушууларды уюштурууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.