www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен жолукту.
Жолугушууда саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, ошондой эле быйылкы жылы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу пландары талкууланды.
Соода-экономикалык кызматташуу маселелерине токтолуп, Түркиянын Элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем түрк компанияларынын Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар экендигин белгилеп, бул багытта биргелешкен иш алып барууга макулдашты.