www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖМК өкүлдөрү, журналисттер, медиаэксперттер, юристтер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрлиги тарабынан иштелип чыккан Интернеттеги анык эмес (жалган) маалыматтарга даттануу жөнүндө жобонун gov.kg сайтындагы коомдук талкууга чыгарылган долбоорду талкуулап, төмөнкүлөрдү белгилешет:

Интернетте анык эмес (жалган) маалыматтарга даттануу жөнүндө жобонун долбоору (мындан ары - Жобо долбоору) сапатсыз иштелип чыккан. Анын коомдук талкууга коюлган редакциясы кабыл алынган учурда демократиялык өнүгүүгө жана улуттук коопсуздукка (анын ичинде маалыматтык) жол берилгис коркунучтарды жаратат. КР Конституциясында белгиленген нормалардын жана принциптердин, Кыргыз Республикасы өзүнө алган эл аралык милдеттенмелердин бузулушуна алып келет.

Атап айтканда, тегерек столдун катышуучулары төмөнкүлөрдү баса көрсөтүшөт:

Жобо долбоору сот органдарынын функцияларынын бир бөлүгүн, иш жүзүндө байланыш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берүүнү карайт, анын кызматкерлери Интернеттеги маалыматтардын тактыгы/так эместиги жөнүндө талаштарды чечишет.

Жобо долбоорунда арыз ээсинин даттануусунун негиздүүлүгүн (даттанылган маалыматтын тактыгын/так эместигин) кароонун жол-жобосу (процедурасы) камтылган эмес, сайттын же сайттын баракчасынын иштешин токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алууну баалоо критерийлери жана тартиби жок. Арыз ээсинин, жоопкердин (сайттын ээсинин), ошондой эле даттанууну карап жаткан кызмат адамынын/адамдардын кароо мөөнөттөрү, укуктары жана милдеттери да жок. Бул олуттуу коррупциялык тобокелдиктерди жаратат, анткени даттануу боюнча өзүм билемдик менен чечим кабыл алууга шарт түзөт.

Жобо долбоору боюнча ЖМК материалдарына даттанууларды кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу, байланыш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт, бирок бул анын максаттарына жана милдеттерине кирбейт.

Жобо долбоору иш жүзүндө өлкөдө цензура киргизет, ал эми буга Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесинде түздөн-түз тыюу салынган.

Жобо долбоору иш жүзүндө Кыргызстанда даттануу берилген ар кандай массалык маалыматтын так эместик презумпциясын белгилесе, экинчи жагынан жалпыга маалымдоо каражаттарына берилген ар кандай даттануунун алдын ала негиздүүлүгүн белгилейт. Анткени, долбоордо арыз берүүчүнүн даттануусун канааттандыруудан баш тартуу варианты каралган эмес.

Жобо долбоору кызыкдар адамдар тарабынан Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарына (мисалы, чек арадагы чыр-чатактар ​​курчуп турган мезгилде кыргыз ЖМКларынын “сенек абалда болушун» уюштуруу максатында ж.б.) массалык түрдө негизсиз билдирүүлөрдү берүү коркунучун жаратат, Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугуна коркунуч пайда кылат. Ошондой эле ЖМК ишин токтотуп коюуга, кошумча чыгымдарга жана алынбай калган пайдага алып келген атайылап негизсиз даттануу бергендиги үчүн, жобонун долбоору арыз ээсинин жоопкерчилигин (финансылык, административдик же башка) караштырбайт.

Мындан тышкары, жобонун долбоорун кабыл алуу жана аны ишке ашыруу төмөнкүлөргө алып келет деп ойлойбуз:

- мамлекеттик жана сот органдарынын кошумча финансылык жана материалдык чыгым тартуусуна;

- Кыргызстандын медиа каражаттарынын потенциалын (тездигин, толуктугун, ар түрдүү маалыматтардын болушун жана талдоо) алсыздандыруу жана алардын ички (коррупция, жасалма дүрбөлөң, ызы-чуу салуу ж.б.) жана тышкы (сырттан келүүчү маалыматтык чабуулдар, республикадагы кырдаал, анын айланасындагы абал жөнүндө дезинформация, ж.б.) саясаттагы чакырыктарга жооп берүү жөндөмдүүлүгүн төмөндөтүү;

- ЖМК кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн терс социалдык кесепеттер;

- мамлекет жана жарандар үчүн терс укуктук кесепеттер (Конституцияны, Кыргызстан кол койгон эл аралык келишимдерди, Жарандык кодексти бузуу);

- жарандар үчүн адам укуктарынын бузулушунун кесепеттери (сөз жана ой эркиндигине болгон укуктардын бузулушу).

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу медиа тармагынын өкүлдөрү абдан көңүл бурууну

сунуш кылышат:

1. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине

- Интернеттеги анык эмес (жалган) маалыматтарга даттануу жөнүндөгү жобо долбоорун, андагы коррупциялык жана башка тобокелдиктерге алып келүүчү карама-каршылыктарды, боштуктарды жана ченемдерди оңдоо үчүн кайра иштеп чыгууга кайтаруу;

- "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамдын ченемдерин КР Конституциясына карама-каршы келет деп таануу жөнүндө КР Конституциялык палатасына өтүнүч жиберүү; (министрлер кабинети кайрыла алабы?)

- КР Конституциясына карама-каршы келген ченемдердин болушуна байланыштуу "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамды ишке ашыруу боюнча мыйзамдык актыларды иштеп чыгууну токтото туруу;

- медиа сектордун өкүлдөрү менен бирдикте жарандарды такталбаган маалыматтардан коргоонун альтернативдүү механизмдерин өркүндөтүү;

2. Медиа сектордун өкүлдөрүнө

- "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамдын ченемдерин КР Конституциясына карама-каршы келет деп таануу жөнүндө КР Конституциялык палатасына өтүнүч жиберүү;

- ЖМК ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алган жана КР Конституциясынын, мыйзамдарынын жана КР жалпыга маалымдоо каражаттары, журналисттердин кесиптик ишмердиги жана эркиндик чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелеринин ченемдерине карама-каршы келбеген альтернативдик механизмдер боюнча натыйжалуу сунуштарды киргизүү.

Последние новости