www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары туристтик мезгилде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлдү.
ИИМдин маалыматына ылайык, коомдук тартипти сактоого жана өлкө жарандарына, ошондой эле чет элдик туристтерге жардам көрсөтүүгө тартылган кызматтык автотранспорт толук даярдыктан өткөрүлдү.
Анын алкагында техникалык кароолор жүргүзүлүп, байланыш каражаттары менен атайын жабдуулардын иштөө абалы текшерилди.
Туристтик сезон учурунда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп, коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук бузуулардын алдын алуу жана мүмкүн болгон окуяларга ыкчам чара көрүү боюнча иштерди жүргүзүшөт.