www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор Азия менен Европа биримдигинин коюн колтук алышканына быйыл толук бир жыл болду. Былтыр достук мамилелерди кагаз жүзүндө эле калтырбай Казакстан менен Өзбекстан алгачкы кадамын таштап, КИПР аралына элчилигин ачып жиберди. Анкара бул окуяга катуу кыжаалат болду.
Түрк Кеңешинин куруучулары делген өлкөлөрдүн мындай аракетин Түрк эли “чыккынчылык, аркадан бычак сайуу, тууганын сатып кетүү” катары сыпаттап жатат.
Быйыл болсо, Түркияны капаланткан дагы бир жагдай орун алды. Жоон топ ат кошчулары менен КИПР Республикасынын президенти Никос Христодулидис Астанага конду.
Касым Жомарт Токаев бир ай мурда эле Израилдин президенти Ицхак Герцогду салтанаттуу түрдө тосуп алып, ал бир жыйын арасында расмий Бишкеке кол кеземиш болгон.
“Иран Кыргызстанды Эл аралык санкцияларды айланып өтүү үчүн колдонушу мүмкүн”, - деген.
Буга саясатчы Аликбек Жекшенкулов жооп беримиш болгондон кийин “дептерди жапканбыз”. Бишкек элчилик ачып, Түрктөрдүн эзелки душманы менен шилекей алышканга азырынча чамасы да,чаркы да жок.
Арийне, таптакыр эле көмүскөдө калды деген да болбойт. Кечээ КИПР Республикасынын тышкы иштер министри Константинос Комбосту президент Садыр Жапаров кабыл алып, андан кийин төрага Марлен Маматалиев жолугушуп, эки тараптуу кызматташууга кызыктар экендиктерин билдиришти.
Бул айсбергдин көрүнгөн жагы. Көрүнбөгөн жагы болсо, Казак бийлиги эзелки досторуна сыртын таяп, башка дост, башка өнөктөш издеп жатат. Буга биртоп себептер бар. КИПР ошол себептердин бири. Себеп гана эмес, Казакстандын Европага билети. Казакстан Израил-Греция-КИПР үчилтигинин ичине кантип түштү дегендер үчүн маалымат. Израил мунай импортунун 30-40 пайызын Казакстандан камсыз кылат.
Эки өлкөнүн эскиден бери келаткан соода сатык алакалары бар. Ал гана эмес Касым-Жомарт Токаев АКШнын ортомчулугу менен түзүлгөн Ибрагим келишимине да кол койгон.
Манас Осмон