www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Ырысбек Атажанов Панфилов жана Жайыл райондорунан келген мугалимдер, спортчулар жана маданият өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө комитет төрагасы өлкөдө жүргүзүлүп жаткан ири реформалар, ишке ашырылып жаткан долбоорлор, ошондой эле Жогорку Кеңеш менен комитеттин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, билим берүү, спорт жана маданият тармактарына көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик колдоого токтолду.
Мындан сырткары, ал аталган тармактардын өкүлдөрү коомдун интеллектуалдык жана руханий өнүгүүсүнө, сергек жашоо образын жайылтууга жана өлкөнүн эл аралык аброюн көтөрүүгө олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.
Иш-чаранын соңунда жолугушууга катышкан бир катар өкүлдөргө Жогорку Кеңештин Төрагасынын атынан Ыраазычылык каттар тапшырылды.