www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад аймактарында орун алган этностор аралык кагылышуулар Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхындагы эң оор жана кайгылуу окуялардын бири болуп калды. Бир нече күнгө созулган кандуу окуялар жүздөгөн адамдардын өмүрүн алып, миңдеген жарандардын жаракат алышына жана көптөгөн үй-бүлөлөрдүн үй-жайын таштап кетишине алып келген. Ар түрдүү комиссиялардын жана булактардын маалыматтарында курмандыктардын саны боюнча айырмачылыктар бар: Улуттук комиссия 426 адам каза болгонун көрсөткөн, ал эми эл аралык иликтөөлөрдө 470тен ашуун адам каза болгону айтылат. 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Убактылуу өкмөт түзүлгөн. Өлкөдө саясий туруксуздук күчөп, мамлекеттик институттар жаңы шартта иш алып барууга аргасыз болгон.
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев өзүнүн эскерүүлөрүндө 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин өлкөдөн чыгып кетүүсүн жарандык кагылышууну болтурбоо аракети катары түшүндүргөн. Анын пикиринде, июнь окуялары бийлик алмашуудан кийин түзүлгөн саясий кризистин уландысы болгон.
Ошол эле учурда башка саясий күчтөр жана эл аралык байкоочулар окуялардын себептерин бир гана фактор менен түшүндүрүүгө болбой турганын, этностор аралык чыңалуу, саясий кризис, мамлекеттик башкаруунун алсыздыгы жана башка факторлор да роль ойногонун белгилешкен.
Июнь окуяларынан кийин Кыргызстанда Абдыганы Эркебаев жетектеген Улуттук комиссия, ошондой эле Киммо Кильюнен жетектеген эл аралык көз карандысыз комиссия иш алып барган.
Эл аралык комиссиянын корутундусунда ошол кездеги мамлекеттик органдар кырдаалды алдын алууда жана жарандарды коргоодо жетиштүү деңгээлде аракет кыла албаганы белгиленген. Комиссия ошондой эле окуяларга байланыштуу адам укуктарынын олуттуу бузулушуна көңүл бурган.
Ал эми улуттук жана башка жергиликтүү баяндамаларда окуялардын себептери боюнча башкача көз караштар да берилген. Айрым материалдарда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тарапкерлери, айрым өзбек коомдук лидерлеринин ролу жана ошол мезгилдеги саясий тирешүүлөр фактор катары көрсөтүлгөн. Изилдөөчүлөр ар кандай комиссиялардын корутундулары бири-биринен айырмаланарын белгилешет.
Алсак, изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Ош жана Жалал-Абад областтарында жалпы курман болгондордун саны 426 адам, жаракат алгандар 2 000 миңге жакын киши эсептелген.
Июнь окуяларынан кийин Жалал-Абаддагы өзбек коомдук ишмери Кадыржан Батыровдун ролу өзүнчө талкуу жараткан. Кыргызстандын сот органдары аны этностор аралык кастыкты уюштурууга байланыштуу күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ошол эле учурда эл аралык иликтөөлөрдө окуянын себептери кеңири саясий жана социалдык шарттар менен байланыштырылып келген.
Июнь трагедиясы боюнча ондогон илимий эмгектер, укук коргоо уюмдарынын баяндамалары жана аналитикалык макалалар жарыяланган. Айрым эл аралык уюмдар мамлекеттик органдардын кризисти токтото албай калганын сынга алышкан жана окуядан кийинки тергөө иштеринде кемчиликтер болгонун белгилешкен.
Ошол эле учурда Кыргызстан коомунда бул окуяларга байланыштуу саясий баа берүү маселеси бүгүнкү күнгө чейин талкууланып келет. Ар кандай саясатчылар, окуянын күбөлөрү жана эксперттер трагедиянын себептери жана жоопкерчилиги боюнча ар башка көз караштарды айтып келишет. Ошол учурдагы эл аралык комиссия, А.Эркебаев башында турган улуттук комиссия да, кыйыр түрдө болсо дагы Убактылуу Өкмөт 2010-жылдын жыйынында кыргызстандын Түштүгүндө болгон окуя үчүн жоопкерчиликтүү экендиги жөнүндө күбөлөндүрүшкөнү мүнөздүү нерсе.
Ошондой эле мамлекеттик комиссиянын отчетунда бийликтин жоопкерчилиги көрсөтүлгөн:
Убактылуу өкмөттүн жетекчилерине, жергиликтүү бийликке, улут аралык кагылышуу тууралуу маалыматтар айтылып, аны өз убагында токтотуп калуу үчүн керектүү убакытка ээ болушкан. Тактап айтканда облустун губеранторуна – 12, мэрияга – 4, УКМКнын борбордук аппаратына – 34 маалыматтык кат жөнөтүлгөн. Ошол эле учурда, берилген маалыматтардын негизинде, УКМК 9 жолу КР Убактылуу өкмөтүнө кайрылган. Ошондогу бийликке бир нече жолу улут аралык кагылышуулар айтылып турса дагы эч кандай чара көрүлгөн эмес. Бирок, коомчулук Оштогу кандуу окуяга Роза Отунбаева баш болгон Убактылуу Өкмөт айыптуу экенин билет.
Баса, эл аралык комиссиянын жетекчиси Киммо Кильюнен жогорку отчетту жарялап салган үчүн ошондогу Жогорку Кеңеш Кыргызстанга киргенге тыюу салып койгон.
Бүгүн, Ош окуясына 16 жылдын жүзү болду...
Ошентип 2010-жылдагы июнь окуялары кыргыз коомунун эсинде оор жара калтырган окуя бойдон калууда. Бул трагедия мамлекет үчүн коопсуздук системасын бекемдөө, этностор аралык ынтымакты сактоо жана коомдогу пикир келишпестиктерди тынч жол менен чечүү зарылдыгын дагы бир жолу көрсөттү.