www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Электрунаасынын өндүрүшү жана экспорту боюнча соңку беш жылдан бери дүйнөдө Кытайга тең келээр эч ким калбагандай. Автопрому эң өнүккөн Германия 2021-жылдан бери 3,6 млн даана электрунаасын экспорттоп, экинчи орунда турат. Андан кийин Түштүк Корея (1,4 млн), Жапония (728 миң) жана АКШ (570 миң) келет. Тиркеме-1

Кытай 2021-2024-жылдары дүйнөгө 4,6 млн даана электрунаасын экспорттогон. 2024-жылы эле 1,6 млн даана саткан. Расмий статистикалык базаларда 2025-жылдын маалыматы жок. Айрым профилдик басылмалар ал жылдагы өсүш 35% болгонун же 2,2 млн даана сатканын жазган. Ал эми быйылкы жарым жылда эле 2,4 млн электрунаасын экспорттогону айтылууда.

Ушул беш өлкөнүн саткан электрунааларынын орточо экспорттук баасын эсептеп көрсөк – эң арзаны Кытайдыкы болуп чыгат. Маселен, Кытайдын бир унаасынын баасы орточо 20 миң долларга турат. Ошол эле кезде Жапонияныкы 31 миң, Түштүк Кореяныкы 32,7 миң, Германияныкы 46 миң, ал эми АКШныкы 47,3 миң доллардан айланган. Бул эми беш жылда сатылган бардык унаалардын саны менен жалпы баасына бөлө келгендеги статистикалык көрүнүш. Албетте, арасында арзаны да, кымбаты да боло жүрөт.

Кытай электрунааларынын кардары ким? Ким кандай класстагы унааны колдонот? Борбор Азия рыногу Кытай экспортунда кандай үлүштү ээлейт? Кыргызстандын электрунаа сатып алуудагы өзгөчөлүгү эмнеде? Ушуларды беш графика-сүрөт менен көрсөткөнгө аракет кылайын.

2025-жылдын маалыматы эмне үчүндүр расмий статистикаларда жабык болуп турат. Ошондуктан, 2024-жылдын көрсөткүчтөрү менен талдап көрөлү. Талдоо БУУнун жана Кытайдын Бажы башкармалыгынын статистикаларын салыштыруу менен жасалды.

Кытай 2024-жылы 1 млн 651 миң даана электрунаасын экспорттогон. Анын 80%ы жыйырма өлкөгө сатылган. Топ-20нын тизмесинде Борбор Азиядан Өзбекстан бар (31 миңден ашуун). Тиркеме-2

Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр баары биригип ал жылы Кытайдан 62 миң даана электрунаасын сатып алышкан. Бул Кытай экспортунун 4%га жакынын түзөт. Чөлкөмдө эң ири импортчу Өзбекстан болуп эсептелет (31,2 миң даана). Тиркеме-3

Кытайдан кимдер кандай электрунааларды сатып алат? Менин токтолоюн дегеним ушул. Экспорттолгон унаалардын орточо баасын чыгарыш үчүн алардын жалпы саны менен суммасын бөлүп эсептесек болот. Албетте, миңдеген унаалардын баасы ар башка болот дечи. Бирок, статистиканын табияты ушундай – жалпылап эсептеп, орточо көрсөткүч чыгарылат.

Кытай автопрому, негизи, унаалардын өтө көп түрүн чыгарат. Дүйнөнүн “завод-фабрикасы” катары рыноктогу суроо-талапка жараша арзанын да, кымбатын да, атүгүл өтө жогорку класстагыларын да жасайт. Ар ким өзүнүн алына, табитине жараша сатып ала берет.

Маселен, Европага жана экономикасы өнүккөн өлкөлөргө көбүнчө 30-40 миң долларлык кымбат электрунаалар кетет. Менимче, мунун кеминде эки олуттуу себеби бар. Бирөө, ток элдин маданияты менен табити ошондой болушу мүмкүн – табит тууралуу талашпайт эмеспи. Деген менен, дагы бир ынанымдуу себеп бар – аларда калкынын кирешеси көп жана сатып алуу жөндөмү жогору десек болот. Ал эми Бангладеш, Индия, Филиппин өңдүү мамлекеттерге сатылган унаалардын орточо экспорттук баасы 1500 долларга жетпегенин көрөбүз. Бул аларда чакан, эң арзан унааларды көп колдонот дегенди билдирет. Дакка, Мумбайдын көчөлөрүндөгү унааларды интернеттен да көрүп жүрөбүз, ошондуктан муну чындыкка жакын деп эсептейм. Тиркеме-4

Борбор Азия чөлкөмүндөгү кайсы өлкө Кытай унаасын кандай баада сатып алууда? Мында топ-20 өлкөнүн тизмесине Кыргызстан менен Казакстан кирет. Кыргызстан ар бир унааны орточо 29 миң 170 доллардан алса (дүйнөлүк тизмеде 6-орунда), Казакстан 20 миң 700 доллардан алган. Кытай электрунаалары Өзбекстанга орточо 16 миң 760 долларга, Тажикстанга 13 миң 600 долларга турган. Тиркеме-5

Бул жерде эмне үчүн Кыргызстан унааларды кымбатка импорттоп жатат деген табигый суроо жаралат. Мындай карасаң Бишкектин көчөлөрүндө көбүнчө 10-12 миң долларлык унаалар эле жүргөнсүйт. Бирок, менимче, мунун башка олуттуу жүйөсү бар. Кыргызстан соңку жылдары Орусия рыногу үчүн кытай товарларынын, анын ичинде унаалардын транзиттик аянтчасына айланган. Кыргызстан импорттоду делген унаалардын көпчүлүгү орус кардарларынын буюртмасы же ошолорго реэкспорттоо ниети менен келет (орточо баалардын тизмесинде да Кыргызстан менен Орусиянын көрсөткүчтөрү үндөшүп турат). Кыргызстандын ички рыногуна болсо келген унаалардын аз бөлүгү гана калат. Ошондуктан, жалпы массанын көпчүлүгүн жогорку класстагы унаалар түзүп калышы жана алар баа көрсөткүчүн көтөрүп салышы мүмкүн.

Кубатбек Айбашев, журналист 

Последние новости