www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектик жаш мушкер Арваз Ахмади Россиянын Чита шаарында өткөн «Eurasian Dauria Cup 2026» эл аралык бокс турниринде жеңишке жетти.
17–18 жаштагы спортчулар арасындагы мелдеш 8–13-сентябрь күндөрү өтүп, ага 19 өлкөдөн келген мушкерлер катышты.
Арваз Ахмади 71 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты. Финалга чейинки беттештерде Россия, Беларусь жана Өзбекстандын өкүлдөрү менен төрт жолу беттешип, баарында жеңишке жетти.
Жыйынтыгында кыргызстандык спортчу 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынды. Мындан тышкары, Арваз Ахмади турнирдин «Мыкты мушкери» деп табылып, акчалай сыйлык менен сыйланды.