www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун “75чилер каты” деп аталган иш боюнча өкүм чыгарган Бишкек шаардык сотунун судьяларына каршы жазган арызын карап баштады. 

Жактоочу Айткулов өз кайрылуусунда Ташиев баш болгон сегиз адам буга чейин айып тагылбаган иштин негизинде күнөөлүү деп табылып, ал беренелер боюнча укуктук негизде коргонууга таптакыр мүмкүнчүлүк берилбегенине көңүл бурган.

Мындан улам Икрамидин Айткулов башкы прокурор Малик Бектургановго кайрылып, буш ишти караган Бишкек шаардык сотунун судьяларынын үстүнөн тергөөгө чейин териштирүү жүргүзүп, тиешелүү укуктук баа берүүнү суранган.

Белгилей кетсек, 10-сентябрда Бишкек шаардык соту “75чилер каты” деп таанылган, атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган саясатчы, коомдук ишмерлер айыпталган чуулгандуу иш боюнча өкүм чыгарган. Ага ылайык, айыпталуучуларга карата “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси жокко чыгарылып, ал "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине (195-берене) алмашкан. Сот сегиз адамды төрт жылдан эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык жазасын эки жылга кыскарткан.

Последние новости