www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда транспорт тармагы үчүн адистерди даярдоого багытталган заманбап окуу аянтчалары ишке кирди.

15-сентябрда И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жана К. Кольбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинде россиялык «ДСК «Автобан» ААКсынын колдоосу менен түзүлгөн окуу жайлардын ачылышы өттү.

КМТУда 30 заманбап компьютер менен жабдылган «АВТОБАН» адистештирилген окуу аудиториясы ачылды. Долбоордун жалпы наркы 8 млн сомду түзөт. Студенттер аудиторияда автомобиль жолдорун, көпүрөлөрдү жана тоннелдерди долбоорлоо жана моделдөө үчүн санариптик технологияларды өздөштүрүшөт.

Ал эми Бишкек автомобиль-жол колледжинде жол куруучу техникаларды башкарууга арналган VR-лабораториясы бар окуу-симуляциялык кабинет пайдаланууга берилди. Анда студенттер автогрейдер, экскаватор, бульдозер, жол катогу жана асфальт төшөгүч менен иштөө көндүмдөрүн коопсуз шартта машыга алышат.

Кабинет 50 окуу орунуна ылайыкташып, интерактивдүү панель, видеоконференция системасы, компьютер жана окутуучунун иш орду менен жабдылган.

Жаңы окуу аянтчалары билим берүү мекемелери менен «ДСК «Автобан» ААКсынын кызматташтыгынын алкагында түзүлдү. Өнөктөштүк стажировкаларды уюштурууну, ишканалардын адистерин окуу процессине тартууну жана дуалдык окутууну өнүктүрүүнү камтыйт.

Иш-чарага тиешелүү министрликтердин, «ДСК «Автобан» ААКсынын, Жол куруучулар ассоциациясынын өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, окутуучулар, студенттер жана иш берүүчүлөр катышты.

Последние новости