www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын сентябрь–октябрь айларындагы ФИФАнын эл аралык терезесинде өтө турган жолдоштук беттештерге курамы белгилүү болду.

Башкы машыктыруучу Урмат Абдукаимов алдыдагы оюндарга 25 футболчуну чакырды. Бул беттештер команда үчүн 2027-жылкы Азия кубогунун финалдык этабына даярдыктын маанилүү бөлүгү болот.

Кыргызстандын улуттук курамасы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо эки үй оюнун өткөрөт:
28-сентябрь — Кыргызстан – Мальдив аралдары;
4-октябрь — Кыргызстан – Ливан.

Ал эми Ливан менен Мальдив аралдарынын курамалары 1-октябрда өз ара беттешет.

Улуттук кураманын окуу-машыгуу жыйыны 21-сентябрда башталат.

Последние новости