www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда азыркы сейсмикалык абал жалпы нормада. Бул тууралуу Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө жылына орто эсеп менен 9-9,5 миң жер титирөө катталат. Алардын басымдуу бөлүгү адамдарга сезилбейт. Жыл ичинде сейсмикалык активдүүлүк май жана ноябрь айларында салыштырмалуу көбөйөт.
Адистин маалыматына караганда, эң кооптуу аймактардын бири – Алай зонасы. Ошондой эле Ош жана Жалал-Абад облустарында жер титирөөлөр көп катталат. Ысык-Көлдүн түндүк бөлүгү да сейсмикалык активдүү аймактардын катарына кирет.
Абдрахматов жер титирөөнү так убактысы, жери жана күчү менен алдын ала болжолдоо азырынча мүмкүн эмес экенин белгиледи.
Кыргызстанда учурда 31 сейсмикалык станция иштеп, жер титирөөлөрдү көзөмөлдөп турат. Ошол эле учурда адис Ысык-Ата жаракасы сыяктуу кооптуу зоналарда жаңы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана сейсмологиялык коопсуздукка көбүрөөк көңүл буруу зарылдыгын айтты.