www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгек министрлиги түндө жашы жете электердин ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок антикафелерде жана антикинолордо болуусун чектөөнү сунуштайт. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Министрликтен билдиришкендей, мындай жайлар ири шаарларда, атап айтканда Бишкекте кеңири жайылган. Алар көбүнчө жабык кабиналардан турат. Мындай жайлар кадимки кафелердин же кинотеатрлардын аныктамасына кирбейт жана учурдагы жөнгө салуудан тышкары калууда. Алардын көбү күнү-түнү иштейт.
Ведомствонун маалыматы боюнча, мониторинг жана рейддер учурунда антикинотеатрлардан ичинен кулпуланган, обочолонгон бөлмөлөр аныкталган. Мындай шарттар балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштардын, ошондой эле жашы жете электердин спирт ичимдиктерин, тамеки, вейп жана баңгизаттарды колдонуу тобокелдигин жогорулатат.
Мындай жайларда өспүрүмдөр түнкү саат 22:00-23:00дөн кийин чоңдордун көзөмөлү жок жүрүшөт. Мыйзам долбоорунун авторлорунун пикиринде, бул жашы жете электердин өздөрү тарабынан да, аларга карата да укук бузуулардын жасалуу тобокелдигин жогорулатат.