www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Кыргызстандын мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нурлан Сулайманов кармалганы айтылууда.
Маалыматка караганда, Сулайманов өткөн дем алыш күндөрү Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Кийин ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда аны кармоого негиз болгон жагдайлар расмий түрдө айтылган жок. Ички иштер министрлиги иштин чоо-жайы боюнча азырынча маалымат бере элек.
Нурлан Сулайманов буга чейин транспорт жана коммуникациялар министри болуп иштеп, Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2021-жылы ал ошол кездеги Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси экенин билдирген.
Сулаймановдун аты буга чейин жол куруу техникаларын жана битум сатып алууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга байланыштуу кылмыш ишинде аталган. 2022-жылы айрым ЖМКлар анын аталган иш боюнча издөөдө жүргөнүн жазышкан.
Учурдагы кармоо ошол кылмыш ишине байланыштуубу же башка иштин алкагында жүргүзүлдүбү, азырынча расмий маалымат жок.