www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Жогорку соттун судьясы Мухамеджанов Абылай Жумакадыровичти каза болгондугуна байланыштуу кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча президенттин сунушун колдоду.

Бул маселе бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында каралды.

Президенттин тиешелүү сунушун Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү окуп берди.

Жыйынтыгында комитет сунушту колдоого алды.
Мындан тышкары, жыйында Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланып, жактырылды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмас Мусаевдин айтымында, мыйзам долбоору сейрек кездешүүчү жана баалуу жапайы дары өсүмдүктөрүн, ошондой эле сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарларды укуктук жактан коргоону күчөтүүгө багытталган.

Документ биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча чараларды күчөтүүнү көздөйт.

Последние новости