www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жумгал райондук прокуратурасынын жаңы административдик имараты пайдаланууга берилди. Имараттын ачылыш аземи 15-сентябрда өттү.

Маалыматка караганда, жаңы имаратты куруу үчүн Чаек айыл өкмөтү тарабынан 1700 чарчы метр жер тилкеси бөлүнгөн. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 310 чарчы метрди түзөт.

Имаратта прокуратура кызматкерлери үчүн 8 иш бөлмөсү жана жарандарды кабыл алуу үчүн атайын кабылдама каралган. Кызматкерлердин иштөөсүнө жана жарандарды кабыл алууга тиешелүү шарттар түзүлүп, имарат заманбап жабдуулар менен камсыздалган.

Жаңы административдик имаратты курууга 17 млн 869 миң сом жумшалган.

Ачылыш аземине Кыргызстандын Башкы прокурору Малик Бектурганов, облустук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Последние новости