www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) муфтийи Абдулазиз Закиров Ирандын элчиси Голям Хоссейн Ядегари менен жолугушту.

Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда тараптар бири-бирин ыйык Рамазан айы менен куттуктап, кыргыз-фарс кызматташтыгын чыңдоо, маданий алакаларды бекемдөө боюнча пикир алышты.

Абдулазиз кары Закиров атайын убакыт бөлүп, зыярат кылган ирандык делегацияга ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.

Жолугушууга Ирандын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Мостафа Кебритчи, маданият өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Абузар Тогани, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Асан Сыргабаев, КМДБнын аппарат жетекчиси Азамат Исмаилов, КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев, муфтийдин кеңешчиси Белек Жапаракунов катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости