www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты “Хадия камкор” фонду менен биргеликте 100 балага ооз ачтырып, 20 үй-бүлөгө азык-түлүк салынган баштыкчаларды таратты. Бул тууралуу муфтияттын кабарлашты.
Окуу жана мечит боюнча адис Арпидин Жороев билдиргендей, казыятка жардам сурап кайрылгандардын саны арбын.
"Алардын муктаждыгын чечүүдө берешен, ачык кол инсандар жана кайрымдуулук фонддор менен биргеликте иш алып барабыз. Бул жолу 100 томолой жана жарым жетим балдардын көңүлүн алып, “Хадия камкор” фонду менен чогуу аларга майрамдык дасторкон жайып, ифтарлык кечин уюштурдук. Мындан сырткары 20 үй-бүлөгө азык-түлүк салынган баштыкчаларды тараттык. Улуу Рамазан айында кармаган орозолорубузду Аллахым кабыл кылсын. Берешен кайрымдуу инсандарыбыз көп болсун” – деп билдирди ал.
Булак: NazarNews.kg