www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандарды жарым-жартылай мобилизациялоо Россия Федерациясынын жарандарына гана тиешелүү, деп жазат Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилиги.

Кыргызстандын жарандары өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен Россия Федерациясынын аймагында жүрө алышат.

Көйгөйлүү маселелер, анын ичинде чакыруу кагаздары жаңылыш келип чыккан учурда, элчилик кыргызстандыктарды дипломатиялык өкүлчүлүккө, Екатеринбург, Новосибирск шаарларындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугуна же же Санкт-Петербург, Сургут, Владивосток, Красноярск, Южно-Сахалинск, Иркутск, Якутск шаарларындагы элчиликтин кеңсесине кайрылууну сунуштайт.

Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясынын аймагында жүргөндө провокацияга алдырбоого, бейрасмий маалыматтарды колдонбоого, ошондой эле уруксат берилбеген массалык иш-чараларга катышпоого чакырат.

Элчилик кырдаалга көз салып, кыргыз диаспоралык бирикмелеринин жетекчилери жана активисттери менен дайыма байланышта.

Белгилей кетсек, Орусиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Армияга запастагы 300 миңге чейин адам жибериле турганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости