www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия менен Украина 20дан туткундарын алмашты

Орусия менен Украина 20дан туткундарын алмашты. Бул тууралуу украин президентинин кеңешчиси Андрей Ермак билдирди.

Анын айтымында, бошотулган украиналыктардын арасында 14 аскер кызматкери, аймактык коргонуу топторунун төрт мүчөсү, Улуттук гвардиянын бир жоокери жана деңиз күчтөрүнүн бир аскери бар.

Туткундардын бир бөлүгү оккупацияланган Донецк облусунда кармалып турса, башкалары Запорожье жана Херсон облустарынын аймагында болушкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул алмашууну ырастап, бирок башка маалымат берген жок.

Тараптар акыркы жолу 11-октябрда туткундарды алмашканы кабарланган. Анда украин тарап 32 киши бошотулганын, ошондой эле израилдик Дмитрий Фиалканын сөөгүн алганын билдирген.

Буга чейин Орусия менен Украина 22-сентябрда ири алмашуу өткөрүшкөн. Анда Киев 215 кишини, анын ичинде "Азов" батальонунун жоокерлерин алып, ордуна орусиячыл саясатчы Виктор Медведчукту жана 55 аскер кызматкерин өткөрүп берген. Бул алмашууга Түркия ортомчу болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости