www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу маалымат берип, Стамбул шаарындагы кырдаалга байланыштуу 21-мартта Нооруз майрамын белгилөө токтотулганын билдирди. 

«Урматтуу Стамбул шаарында жашаган мекендештер! Стамбул шаарындагы кырдаалга байланыштуу 2025-жылдын 21-мартында Нооруз майрамын белгилөө токтотулду. Сиздерди эл көп топтолгон жерден алыс жана этият болууңузду өтүнөбүз»,— деп айтылат маалыматта.

Түркиянын Стамбул жана башка шаарларында нааразычылык акциялары башталган. Нааразычылык акциясы келерки президенттик шайлоодо түрк лидери Режеп Тайып Эрдогандын негизги атаандашы деп эсептелген шаардын оппозициячыл мэри Экрем Имамоглунун кармалышынан кийин башталган.

Последние новости