www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Футбол: Бүгүн Кыргызстан Өзбекстан менен ойнойт

Бүгүн, 20-мартта Кыргызстандын футбол курамасы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында Өзбекстан менен беттеш өткөрөт.

Оюн Ташкентте өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 22:00до башталат. Беттеш УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, бул тандоо оюндарында буга чейин Кыргызстан 6 беттеш өткөрдү. Бир жеңишке жетип, 3 упай алган курама өз тайпасында бешинчи орунда турат.

Үчүнчү баскычтын жыйынтыгы менен тайпасында 1-2-орунду ээлеген командалар 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомо алат. 3-4-орунду ээлегендер тандоо оюндарынын төртүнчү баскычына өтөт. Соңку эки орундагы курама жарыштан четтейт.

Последние новости