www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) 17-мартта социалдык тармакта "Менин үйүм" программасынын катышуучулары үчүн турак жайдын 1 чарчы метринин кымбатташынын себептери боюнча түшүндүрмө жарыялады.
МИК турак жайдын кымбатташынын негизги себептери катары төмөнкүлөрдү атады:
цемент, металл, жыгач, жасалгалоочу материалдарга, инженердик системаларга баанын өсүшү (80%ы Россиядан импорттолот). Бул курулуштун өз наркын 50-60%га жогорулатат;
куруучулардын айлык акысынын 15-25%га өсүшү, атайын техниканын жана логистиканын 5-10%га кымбатташы, керектүү коммуникацияларга кошулуу баасынын 5-10%га өсүшү;
инфляциянын таасири: Кыргызстанда инфляция 6,7%ды түзөт, ал эми "Менин үйүм" программасы боюнча ставка жылына болгону 4%ды түзөт. Бул кредиттик каражаттардын наркын төмөндөтөт, бирок жаңы курулуштар үчүн тобокелчиликтерди жаратат.