www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-мартта саат 19:16да Кыргыз Республикасынын аймагында очогундагы күчү 4,5 магнитудага жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кара-Ой айылынан 7 чакырым түндүк-чыгышта, Кадыралы айылынан 9 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Анын күчү Кара-Ой, Кадыралы, Жаңы-Талап айылдарында 4 баллга, Ак-Кыя айылында 3,5 балл, Баетов айылында 3 балл жана Нарын районунун Учкун, Ак-Кудук, Сегизинчи марта айылдарында 3,5 баллга чейин сезилди. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Последние новости