www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын тигүү тармагы акыркы эки жылда экинчи ирет оор соккуга кабылды. Адегенде Орусиянын кыргыз товарларына талапты күчөтүшү экспортту солгундатса, быйыл Wildberries кампаларындагы өрт кыргызстандык ишкерлердин миллиондогон сомдук товарларын жок кылды.
Айрым цехтер толук жабылып, жүздөгөн тигүүчү жумушсуз калды. Ишкерлердин арасында миллиондогон сомдук насыясы бар, бирок маяна төлөөгө жана жаңы буюртма алууга каражаты жетпей жаткандар көп.
Өкмөт салыктык жеңилдик, жеңилдетилген насыя жана компенсация маселесин чечүүгө убада берүүдө. Бирок адистер бир маркетплейске жана негизинен Орусия рыногуна көз карандылык тармактын алсыз жерин ачык көрсөттү деп эсептешет.
Европа рыногуна чыгуу аракети болсо сертификат, өндүрүш стандарты жана заманбап фабрикалардын жетишсиздигинен улам оңой эмес.