www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы тарабынан Ноокат шаарынын Аэропорт көчөсү 48 дарегинде жайгашкан төрт кабаттуу, 48 батирлүү турак үйдүн жашоочуларына объектти пайдаланууга берүү боюнча шайкештик актысы тапшырылды.

Белгилей кетсек, аталган турак үйдүн курулушу 1986-жылы башталып, 1989-жылы токтоп калган. Кийинчерээк, 2023-жылы Ноокат шаарынын мэриясы тарабынан курулуш иштери кайрадан жүргүзүлгөн. Бирок ар кандай жагдайларга байланыштуу объектти пайдаланууга берүү маселеси узак убакыт бою чечилбей келген.

Мындан улам батир ээлери турак жайларын өз атына каттатып, тиешелүү укук белгилөөчү документтерди ала албай келген. Ошондой эле коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн жогорулатылган тарифтер боюнча төлөм жүргүзүүгө аргасыз болушкан.

Натыйжада, көп жылдан бери чечилбей келген маселе чечилип, жашоочулар эми өз батирлерин мыйзамдуу түрдө каттатып, тиешелүү документтерин ала алат. Ошондой эле коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүүгө шарт түзүлдү.

Последние новости