www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда 26–27-июль күндөрү сел жүрүп, суу ташкындары болушу мүмкүн.
Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы эскертти.
Маалыматка ылайык, кооптуу жаратылыш кубулуштарына күтүлүп жаткан жергиликтүү нөшөрлүү жаан-чачындар себеп болушу мүмкүн.
Жарандарга жана туристтерге сактык чараларын көрүү, дарыялардын нугунда жана кургак сайларда жүрбөө, ошондой эле тоолуу аймактарга сапар алдында аба ырайынын шарттарын эске алуу сунушталат.