www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында аймактагы бир катар курулуш жана реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Алгач “Айтматов Ааламы” тарыхый-мемориалдык комплексинин курулушун көрүп, долбоордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат алды. Аталган комплекс улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылык мурасына арналган заманбап маданий жай катары курулууда.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Чоң-Капка” көзөмөл өткөрүү пунктундагы капиталдык оңдоо иштеринин жыйынтыгын карап чыкты. Ага өткөрмө жайындагы инфраструктураны жаңылоо иштери тууралуу маалымат берилди.
Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы Талас шаарындагы “Баластан” оюн-зоок борборунун курулушу менен таанышты. Долбоор 6,5 гектар аянтты камтып, тогуз имаратты курууну жана заманбап эс алуу инфраструктурасын түзүүнү карайт.
Сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Талас шаарындагы асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводдордун ишмердүүлүгүн да көрүп чыкты. Бул ишканалар аймактагы курулуш долбоорлорун керектүү материалдар менен камсыздоодо маанилүү роль ойной турганы белгиленди.
Жыйынтыгында МинКаб Төрагасы курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө бүтүрүү, сапатын камсыз кылуу жана объектилерди өз убагында пайдаланууга берүү зарылдыгын айтты.
Белгилей кетсек, аталган социалдык объектилерди өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү пландалууда.