www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 6-декабрынан 8-декабрына чейин жаап жана күтүлүп жаткан карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-75-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусуна кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Белгилей кетсек, Кыргызгидромет агенттиги декабрь айында абанын айлык орточо температурасы жана жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу мүмкүн экенин билдирген.

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1…-3 градус, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -4…-6 градус суук болушу ыктымал. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3 ...-2 — 4…-9 градуска чейин төмөндөсө, күндүз -2...+3 — 9…14 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -10…-15 градуска чейин муздайт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости