www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Катарга барып, ал жерде жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Дохада өткөн дүйнөлүк чемпионаттын матчтарынын биринин ардактуу коногу болду. 

Халифа стадионунун сыйлуу коноктору үчүн залда Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен эки тараптуу жолугушуу болду.

«Катар мамлекетинин ушундай жогорку деңгээлдеги эл аралык спорттук иш-чараны өткөрүү үчүн Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндөгү биринчи өлкө катары тандалышы сиздин мамлекетиңиздин дүйнөдөгү кадыр-баркынын жана спорттун өнүгүшүнө кошкон салымынын далили», - деди Сердар Бердымухамедов.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамлекеттер аралык кызматташуунун абалы жана келечегин талкуулашты.

Андан соң Катардын премьер-министри, ички иштер министри Халид бин Халифа бин Абдул Азиз Аль Тани жана Эл аралык футбол ассоциацияларынын федерациясынын (ФИФА) башчысы Джанни Инфантино Түркмөнстандын президентин ардактуу коноктор үчүн кутучада тосуп алышты. 

Булак: NazaNews.kg

Последние новости