www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилет. Мындай чектөөлөр 8-9-10-декабрда боло турганын Жол кыймылынын коопсуздун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Бул аралыкта Бишкек шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүп, ага катышуучу чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу жана коштоп жүрүү иш-чаралары уюштурулат.

Кыймылга чектөө болуучу көчөлөр:

«Манас» аэропортунан баштап, Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;

Чүй проспектисинин Фучик көчөсүнөн тартып, Манас көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Манас жана Ч.Айтматов проспектилеринин Чүй проспектисинен тартып, мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясына чейинки бөлүгү;

Мамлекеттик резиденциядан Дооронбек Садырбаев көчөсү менен «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки бөлүк.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости