www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президентти сындаган блогер өлтүрүлдү

Чечен өкмөтүн сындаган блоггер Тумсо Абдурахманов Швецияда өлтүрүлдү. Бул тууралуу чечен оппозициясынын Telegram каналында кабарланды.

«Тумсо түн ичинде бир топ адамдар тарабынан атылган жана учурда киши өлтүрүүнүн чоо-жайы иликтенип жатат», — деп айтылат оппозициянын билдирүүсүндө.

Алар киши өлтүрүү боюнча башка маалымат беришкен жок. Бирок атайын кызмат Тумсо Абдурахмановдун бир тууганын жашырганы белгиленген.

«Озодлик» радиосу Абдурахмановдун шериктери аны ушул жылдын 2-декабрында өлтүрүлгөнүн айтышканын кабарлады. Швециянын укук коргоо органдары бул боюнча билдирүү бере элек.

Декабрдын башында Тумсо Абдурахманов дайынсыз жоголгон. Укук коргоочулар анын дайынсыз болуп жатканын айтышкан. Ошондо да блоггер өлтүрүлгөн болушу мүмкүн деген маалыматтар тараган. Бирок, бул кабарлар учурда тастыкталган эмес.

Эске салсак, Тумсо Абдурахманов 2015-жылы Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун жакындары менен урушуп, Орусиядан чыгып кеткен. Ал Швецияда саясий качкын макамын алган. Чеченстанда Абдурахманов ИШИМ менен байланышы бар деп айыпталууда. 2021-жылдын декабрында Абдурахманов анын тогуз тууганы Чеченстанда барымтага алынганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости