www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Ош шаарына дүйнөнүн 372, Россиянын 88, Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов иш сапары менен келип, шаардагы космонавттардын ысымын алып жүргөн Ю.Гагарин жана В.Терешкова атындагы орто мектептердин окуучулары менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын алып жүргөн космонавтты Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулу Роман Свистин, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана окуучулар шаңдуу тосуп алышты.

Салижан Шарипов балалык кыялы, космосту багындырууга болгон аракеттери, космостук учуулары жана жеткен ийгиликтери менен бөлүшүп, окуучуларга алдыга койгон максаттарына умтулуп, кыялдарынын орундалышына тилектештигин билдирди.

12-апрель – Эл аралык космонавтика күнүнө карата өткөрүлүп жаткан иш-чаранын алкагында мектеп окуучуларынын космос мейкиндигин чагылдырган макеттери жана өз колдору менен тартылган сүрөттөрү көргөзүлүп, чакан концерттик программа тартууланды.

Последние новости