www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 13-апрелде, Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин катышуусунда Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча депутаттык жумушчу тобунун алгачкы жыйыны өттү.
Жыйында депутаттар, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болду.
Төрага Марлен Маматалиев өткөрүлүп жаткан жыйын туруктуу өнүгүү максаттарын талкуулап, аларды ишке ашыруудагы парламенттин ролун кеңейтүүгө багытталган маанилүү сунуш-пикирлер айтылган аянтча экенин белгиледи.
“Кыргызстан аталган демилгеге жигердүү катышып, белгиленген максаттарды ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Тагыраагы, коюлган максаттар өлкөбүздүн мамлекеттик саясатынын негизги багытына айланып, узак мөөнөттүү улуттук стратегиябызга да киргизилген. Натыйжада кыска аралыгында эле бир топ жетишкендиктерге жетишип, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатабыз. Муну соңку жолугушуубузда Антье Граве айым да тастыктап, Бириккен Улуттар уюму туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө багытталган Кыргызстандын аракеттерине жогору баасын берип жатканын жана азыркы учурда биздин өлкө “чемпион” экенин баса белгиледи” – деди Төрага.
“2030-жылга чейин ички дүң өнүмдү кеминде 30 миллиард долларга чейин жеткирүү, жан башына 4,5 миң долларга көтөрүү менен реалдуу экономикалык өсүштү 8% кем эмес кармоо. Ошону менен бирге Бириккен Улуттар уюмунун алкагында туруктуу өнүгүү максаттары боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирүүгө умтулуп жатабыз. Ал эми Жогорку Кеңеш Президентибиздин демилгесин колдоп, керектүү укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл буруудабыз” – деп кошумчалады Төрага.
Тагыраагы, амбициялуу максаттарга жетишүү үчүн мыйзамдык база зарыл экенин баса белгилеген Марлен Маматалиев: “Жогорку Кеңеш Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча глобалдык милдеттенмелерди улуттук мыйзамдарга айландыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондон улам өз ыйгарым укуктарыбыздын чегинде Туруктуу өнүгүү максаттарынын принциптерине ылайык мыйзамдарды кабыл алып, аларды ишке ашырууга аракет кылып жатабыз” – деди.
Ошону менен катар өлкөдө жасалып жаткан реформалар, ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу да сөз кылган Төрага: “Албетте туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө өнөктөштөрүбүздүн колдоосу өтө маанилүү. Биз сиздер менен тыгыз иш алып барып, бардык коюлган максаттарды биргелешип ишке ашырууга кызыкдарбыз”, – деди.
Жыйында туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга байланышкан бир катар баяндамалар жасалып, түрдүү сунуш-пикирлер айтылды.
Анын ичинен Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве тиешелүү максаттарга жетишүүдө саясий милдеттемелерден тышкары, мыйзамдык колдоо да зарыл экенин белгилеп, мында Жогорку Кеңештин ролу чоң экенине токтолду.
Муну менен катар өнөктөштөр аталган багыттагы алгылыктуу иштерге ар тараптан жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.