www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-октябрда Беларусь Республикасынын Коргоо министрлигинин тынчтык сактоочу күчтөрүнүн аскердик контингенти «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Беларусь Республикасынын аскердик контингенти Баранович шаарынан «Кант» аскердик авиабазасынын аэродромуна учуп келип, андан соң кыргыз тараптын аскердик техникалары менен машыгуу өтүүчү жерге марш жасады.

Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн саптык планында аларды машыгуунун жетекчилиги тарабынан салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү.

9-13-октябрда Кыргызстанда ЖККУга мүчө мамлекеттер — Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Тажикстан Республикасынын тынчтыкты сактоочу жамааттык күчтөрүнүн аскердик контингенттеринин катышуусу менен биргелешкен «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусу өтөт.

Бул биргелешкен машыгууга ЖККУнун Катчылыгынын жана Бириккен штабынын оперативдүү тобу катышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости