www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Продукцияны адал стандарты боюнча өндүрүү жана маркировкалоо үчүн жоопкерчилик толугу менен өндүрүүчүгө жүктөлөт, бирок эгерде азык адал эмес болуп чыкса, бирок өндүрүүчү аны исламдын көз карашы боюнча уруксат берилген деп өткөрүп жиберсе, анда сатып алуучуда күнөө жок. Бул тууралуу РИА Новостиге Россия Федерациясынын мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасынын орун басары, Москва шаарынын муфтийи Ильдар Аляутдинов билдирди.

Свердлов райондук Россельхознадзордун басма сөз кызматы буга чейин маалымдагандай, облуста халал колбасадан чочко ДНКсы табылган. "вареная колбаса Мусульманская" жана "Докторская с мясом цыплят-бройлеров. Халяль" колбаса азыктарынан чочконун ДНКсы аныкталган", - деп айтылат билдирүүдө.

"Адамдар периште эмес, билбестиктен арам иштерди жасап алышы мүмкүн. Хадисте: "Менин үммөтүм жаңылыштыктан (билбестен), унутчаактыктан жана кысым астында кылган иштери үчүн суракка алынбайт. Демек, Уралда “халал” деген ат менен сатылган азыктарда чочко ДНКсынын болушу өндүрүүчүнүн жоопкерчилигинде. Эт же азык адал эмес болуп чыгып, бирок мусулманга адал деп көрсөтүлүп, сатып алуучу аны билбестиктен жеген болсо, анда күнөө болбойт", - дейт муфтий Аляутдинов.

Россия мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасынын орун басары шариат нормаларына ылайык азыктарды сатып алууда “халал” белгисин издөөнү сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости