www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйылкы күз үрөй учурган коркунучтар менен коштолуп келди. Токтогул ГЭСинде суунун көлөмүнүн азайышы, кыш кандай болот деген камтама менен эл-журт кышты күтүп турат. Бийлик тарапта кадрдык алмашуулар болуп, бир чоң нерсеге даярдануулар күтүп тургансыйт. Эсенбай эсепчинин айтуусу боюнча Үркөр көтөрүлгөндө күз келет. Үркөр көтөрүлдү. Байыркы кыргыз күзүндө жер которо башташкан. Ушул мезгилде эсепчилердин баркы жогорулаган. Анткени, кайсы мезгилде көчүш керек, аны жакшылап билип албаса көч жамгырлуу күнгө калып, тар жол,тайгак кечүүдө калган. Эсенбай эсепчи сыяктуулар жылдыздардын тогошконун карап,кайсы күнү көчөрдү аныктаган. Жайлоодон түшөөр мезгилди Эсенбай эсепчи Чолпон чыгаар мезгилге тушташтырган. «Чолпон көрүндү – жүк артуу керек»- деп. Ошентип, илгерки көчмөндөр күн ысый элек салкында көчүп, жаңы журтка жетип алган. Көчтү жолдогулар тосуп алып ат үстүндө суусундук беришкен, көчтү токтотушкан эмес. Салт атчан манаптар козу-корпо жесе, түшүп жей беришкен, бирок көч токтогон эмес. «Эртең менен күн кызарып чыкса – элиңди жоо чапкандай күйүн, кечинде кызарып батса – аялың эркек туугандай сүйүн» деген. Күн, Ай, Үркөрдөн кийинки эле байыркы кыргыздардын урматтаган асман периси – Чолпон. Чолпон жылдыз эл ишеними боюнча койдун пири. Андыктан аны Чолпон-Ата деген. Чолпон күн чыгаар алдында, койлорду жайытка чыгарганда же Күн баткандан кийин, койлор жайыттан кайтканда чыгат. Ушундан улам аны койлордун пири же «койчунун жылдызы» деп калса керек. Илгерки замандарда «Чоң Жетигенди» көчмөндөр «Кичине Жетигендин» эки жакшы атына («ак сары ат» жана «көк сары ат») кол салганы жаткан «жети каракчы» деп түшүнгөн. Алар аркандалып, бир учу Алтын Казыкка байланып, күзөтчүнүн кайтаруусу менен оттоп турат. Жети каракчы ушул аттарды уурдаганы түн бою аңдыйт. Ал эми аттар казыкты айланып тура берет. Жети каракчы аларга жете албайт да, таңдын атышы менен куру кол кайтып кетет. Бул окуя күндө кайталанат да, күндө ушундай болот. Ал эми Жетигендин орто чениндеги бир жылдыздын жанында үлбүлдөп көрүнгөн кичине жылдызды «Үркөрдүн кызы үлпүлдөк сулуу» деп коёт. Аны бир кезде тиги каракчылар уурдап, ала качып алган имиш. Аяк оонада бугунун аягы тынбай, маралга кыйгач жүгүргөн чагы болгон үчүн, бул айды аяк оона дейт. Күзгү күн-түн теңелүү 23-сентябрга туура келет. Сентябрдын 15 жарыгы «боз кыроо маалы», 15 караңгысы «кыргыек маалы» аталат. Анын 17 жаңысынан Үркөр менен Ай тогойт.
Байыркы убактардан тартып эле кыргыздар күн менен айдын мезгилдик ырааттуу кыймылдарын убакытты өлчөөдө колдонуп келген. Астрономия илими жана байланыш технологиясы өнүккөн азыркы учурда айлардын башталышы жана бүтүшү күмөн туудурбай турган абалда эсептелип, аныкталып жатканы маалым. Ал эми башка байыркы эл сыяктуу эле кыргыз элинде атайын аба-ырайын алдын-ала болжолдоп турган эсепчилер чыгышкан. Мисалы ошондой эсепчинин бири Эсенбай эсепчи бир жыл алдын-ала аба-ырайын аныктаган. Айдын бир ай ичинде көзгө көрүнгөн формаларынын ырааттуу өзгөрүшү, Ай бетинин Күн нурунан жарыктангандагы көрүнгөн бөлүгү. Күн нурунун тийишине жараша өзгөрүп, ай фазалары алмашылып турат. Айдын жаңырышы, биринчи чейрек, толгон ай жана акыркы чейрек деген төрт бөлүктөн туруп, акырындык менен бири бирине өтөт: Ай жаңырганда, Күн менен Жердин ортосунда болгондуктан, анын жарык түшпөгөн жери бизге көрүнөт. Эгер Ай жаңырганда, ал Жер менен Күндү туташтыруучу түз сызыкта жатса, Күндүн тутулушу байкалат. Ай Күндөн чыгышты карай акырындап жылып, орок кейиптенип, 7 күнү жарым тегерек түрүндө көрүнөт. Мында томпок жагы оң тарапта болот. Айдын бул фазасы 1-чейрек деп аталат. Ай жаңыргандан 14-15 күн өткөндө, толук тегерек формада көрүнүп, толгон ай деп аталат. Жер Ай менен Күндү туташтыруучу түз сызыкта жатса, Ай тутулат. Ай толгондон 7 күндөн кийин акыркы чейрек башталат. Айдын жарымы гана көрүнөт да, томпок жагы сол тарапта болот. Ай орто эсеп менен 29,5 сутка өткөндө кайра жаңырат.Айдын жаңырышы боюнча да бир ай алдын-ала аныктай алган. Эгерде ай чалкасынан жаңыра турган болсо, Айдын өзүнө тынч болот да, калайык-калкка кыйынчылык түшүшү мүмкүн деген. Ал эми тескерисинче тигинен жаңырса, калайык-калкка тынч болот да, айдын өзүно кыйын болот деп алдын-ала айткан. Кокусунан ай кыйгачынан жаңыра турган болсо, “Сактыкка кордук жок” аба-ырайы катаал болуп кетиши да мүмкүн, ошондуктан сактанып туруш керек деген.
Тойду качан өткөзүү жагын да Эсенбай сыяктуу эсепчилерден сурап тактап алышкан. Тогоол – үркөрдүн ай менен тоголушун, айдын анык кайсы ай экенин билмекке колдонушкан. Ата-бабаларыбыз Үркөр топ жылдызынын көзгө көрүнгөн кээ бир белгилерине өзгөчө маани берип келишкен, “урпактар унутпасын, тогоол күнү жагымсыз, ашуу ашпайт, ууга чыкпайт, той-томолок өткөрбөйт, деги эле жандуунун бардыгына жагымсыз үч күн созулат” дешкен. Тогоол күндөргө көңүл буруусунун бирден бир себеби, тогоол күндөрү сөзсүз түрдө аба ырайы өзгөргөн. Ай менен Үркөр топ жылдызынын тогошуусу Жерге, көчмөн турмушта жашаган кыргыздарга да өз таасирин тийгизбей койгон эмес. Ошондуктан, тогоол күндөрү көчүп-конуу, жайыт которуу, жол жүрүү иштери токтотулуп, тогоолдун өтүшүн күтүшкөн. Тогоол күндүн алдында малын толукташып, тогоол күн өткөнчө малына сак болушкан. Тогуз тогоолдон баштап кийиктердин аты кошулбайт. Бул айда куут аяктагандыктан, ай аттары тогоолго жараша, тогуздун айы, жетинин айы, бештин айы деп айтылат. Октябрдын башында Ай жаңыргандан үч күндөн кийин Үркөргө тогошуу (тогоол) болгондуктан, бул ай тогуздун айы аталат. Бул айдын аягында Үркөр батып кетет. Кийинки тогоол Ай жаңырган күнгө туш келип, Ай-Үркөр жылынын 13-айы жетинин айы деп аталат. Бул кубулуш күндүзү болгондуктан, көрүнбөйт. Муну, кыргыз жыл санакчылары эсептөө жолу менен аныкташкан.
Кыргыз эң байыркы замандан бирөөгө ызааттап мал берсе, кудалыкка мал алып барса, тартуу берсе, тогуздап барган. Мисалы: 9 атка байге саюу, ханга тогуздап тартуу менен баруу (хан тартуусу тогуз деген макал) жана аялдардын элечегин тогуз кабат, же жети кабат кылып оронуу, ошол адат боюнча бул айды тогуздун айы десе керек. «Тогуздун айында белдик чечилет» деген сөздө, кой кууту күздүн аягында баштала тургандыгы жөнүндө айтылат. Көчмөн кыргыздар кой туутун ызгаардуу кышта эмес, жазында өткөрүш үчүн кочкорлорго белдик тартып коюшкан. Октябрдын аягы, ноябрдын башында белдикти чечип, куутту башташкан. Октябрь айынын 15 жарыгы «акрап маалы», 15 караңгысы «кабыс маалы» аталат. Жетинин айы он үч жаңысынан тогойт.
Ноябрь айы кыштын келе жатканын кабарлап, суук тартып бараткан ай. Мурунку кыргыз элинде ноябрь айында күн кадимкидей ызгаарлуу суукка айланчу экен. Кыргыз элинин учун кур койбоптур, Эсенбай эсепчи сыяктуу жылдыздарды карап , аба-ырайын так аныктаган адамдар болгон. Кээ бир адамдардын оюнча кыргыз элине эсепчилердин эмне кереги бар деген ой кыпчылып турат. Алар мурунку кыргыздарды азыркыдай шайма-шай маалыматтык бийиктиктен карашат. Ооба, телеберүу, үн алгыдан, ал эмес кол телефонду бурап койсо аба-ырайы тууралуу алдын-ала үч-күнду сайрап турат. Мурун кыргыз элинде ушундай мүмкүнчүлүк бар беле? Ал кезде синоптик, метеоролог дегендер болгон эмес. Бир аймакта болсо бир эсепчи болгондур. Ошол эсепчи гана эсептеп аба-ырайын айткан. Эсепчи да жаңылган, кокус эсепчинин айтканы туура чыкпаса “Эсепчини жут алат” дешип ага көп ишене берген эмес. Ал эми дайыма айткандары дал келген эсепчилер да болгон, аларды бүт кыргыз эли сыйлашып, алыстан ат арытып келишип анын айткандарына саресеп салышкан.
Ушундай айтканы төп келген эсепчилердин бири Кочкор аймагындагы Мантышта 1850-жылы туулуп, ушул эле аймактагы Каройго 1941-жылы сөөгү коюлган Эсенбай эсепчи деген жашап өткөн. Ал кезде алдын-аланы көрбөй чайналып турган кыргыздар үчүн Эсенбай эсепчи бел болгон. Ал жылдыздарды карап, эсептеп отуруп бир жыл алдын-ала айткан. Боло турган кыштын катуу болорун, жаздын узакка созулуп жутка айланарын жылдыздар аркылуу аныктаган. Эсенбай эсепчиге жылдын кандай болорун билүү максатында алыстан адамдар келишип, аны алып кетишип, өз аймагындагы жерлерде быйыл кыш кандай болорун аныктап алышкан.
Адам баласы жаралгандан тартып эле өз жашоо-турмушун табияттын шарттарына ылайык жөнгө салууга аракеттенип келген. Бир жыл ичинде жаңыланып турган өзгөчөлүктөргө жараша даярдык көрүп, кийинки жыл үчүн турмуш -тиричилигин пландаштырышкан. Жашаган аймактарындагы тоолордун, дарыялардын, көлдөрдүн, түздүк-өрөөндөрдүн жана түрдүү өсүмдүктөрдүн бар же жок болушу, адамдарды ошол географиялык чөйрөгө ыңгайлашып жашоого, кайсы мезгилде кандай айбанга аңчылык кылууну, кандай өсүмдүктөрдү тамак -аш катары пайдаланууну, кайсы мезгилде кайсы жерге көчүүгө боло тургандыгын билүүгө, өздөштүрүүгө түрткү берген. Буларды билүү менен жыл мезгилдерин туура аныктоо көчмөн элдердин өз жашоосун улантуусуна көмөкчү болгон. Ошондой эле сууктун түшүшү, кардын эриши, өсүмдүктөрдүн гүлдөшү сыяктуу табигый кубулуштардын жылдын белгилүү бир мезгилинде болушу, айбандардын жыл ичинде белгилүү бир убакта төлдөшү – адамдардын көңүлүн өзүнө буруп, календарды жаратууда маанилүү белги катары кызмат кылган. Жылдыздардын, күн жана айдын белгилүү бир мезгилдеги абалы, тигил же бул натыйжаларга алып келээри жөнүндөгү тажрыйба-билимдери абдан пайдалуу болгон. Мына ушулардын арасында өзүнөн башка да бир күчтүн бар экендигин, бул ааламда жалгыз эмес экендигин адам баласы түшүнө баштаган. Натыйжада аларда ишеним, ынаным пайда болуп, ошого жараша жашоодогу жаңы жүрүм-турумдар, өз ара мамилелердин үлгү өрнөктөрү калыптана баштаган. Ал күчтү баалап, таазим кылуу максатында ага арнап курмандык чалышкан. Табият сырын терең билген адамдардын өкүлү Эсенбай эсепчинин ай календары тууралуу сөз кылдык.Жетинин айынын 15 жарыгы «чил арыш маалы», 15 караңгысы «токту тойбос, чөмүч кургабас маал» аталат. Ноябрь айы он үчүнөн тогойт.