www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга биолаборатория курулабы?

Кыргызстан өлкө аймагында BSL3 биологиялык лабораториясын курууга каршы экендигин Москвада өткөн жыйында билдиргенин 19-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Орусиянын борборунда өткөн кыргыз-орус соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыгы боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги отурумунда саламаттык сактоо тармагындагы мамилелер да талкууланды.

Кыргызстандын аймагында биологиялык лаборатория куруу долбоору боюнча маселе да көтөрүлүп, Кыргызстан ага каршы экенин билдирди.

Интернеттеги ачык маалыматка караганда, биологиялык коргоо жана коопсуздук боюнча лаборатория куруу тууралуу келишимге Кыргызстан жана Канада 2008-жылы кол коюшкан. Эгер ал ишке ашса, лаборатория Бишкектеги Ботаникалык бактын аймагында курулмак. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости