www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ата Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында "Гидроэнергетиканын келечеги жок" деп билдирди депутат Элдар Сулайманов.

Муну ал жыл сайын суу сактагычтагы суунун азайып баратканы менен байланыштуу деп эсептейт.

Сулаймановдун айтымында, эл аралык форумдардын биринде 2050-жылга чейин ичүүчү суу 50%га азаят деп айтылган.

"Учурда Токтогул суу сактагычында 8 млрд куб.м суу бар деп жатасыз, бирок бул өзгөрүшү мүмкүн жана балким, 5 жылдан кийин суунун деңгээли 3 миллиард куб метрге чейин төмөндөшү мүмкүн", - деди ал.

Депутат мындай болгуча "коопсуздук жаздыкчасын" түзүү керек деп эсептейт.

"Таш-Көмүр шаарында кремний заводубуз бар, кремний күн батареяларынын негизи болуп саналат. Күн батареяларын чыгарып, элге жеңилдетилген шартта таратсак болмок", - деди ал.

Буга Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев буга чейин ушундай эле долбоор иштелип чыгып, азыр коомдук талкууга алынып, кийинчерээк Жогорку Кеңешке сунуштала турганын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости