www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы Ак үйгө алмашыла турган жердин болжолдуу дареги айтылды

Жаңы Ак үйдү кура турган компанияга берилери айтылган 16 гектар жердин болжолдуу дареги белгилүү болду.

Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча жаңыдан түзүлгөн дирекциянын жетекчиси Марат Турсунбековдун айтымында, жер шаардын түштүк тарабында жайгашкан.

Турсунбеков маалымат агенттиктердин бирине мурдагы "Ысык-Көл" мейманканасынын маңдайына дагы административдик имарат курула турганын билдирген.

"Президенттин иш башкармалыгында болгон жер инвесторго сунушталып жатат. Менин билишимче, бул жер алтыга бөлүнүп кеткен. Мурдагы "Ысык-Көл" мейманканасынын маңдайында келечекте Министрлер кабинетинин административдик имараты курулат.

Башкача айтканда, бардык министрликтерди ошол жакка көчүрүп, Казакстандагыдай бардыгы бир жерде болсун деп жатабыз. Бул шаарды бошотуу үчүн зарыл. Карагылачы, азыр машине айдаганга мүмкүн болбой калды, тыгын.

Шаардан келген транспорттун дээрлик 30 пайызы ошол жакка барат. Президенттик аппаратта 5-6 миңдей адам иштейт. Баары ошол жакка көчөт. Бул жаманбы? Министрлер кабинетинин имаратынын долбоору даярдалууда", - деген Турсунбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости