www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапония Украинага химиялык заттарга каршы эффективдүү боло турган атайын кийим жана маска түрүндөгү коргоочу шаймандарды берет. Бул тууралуу РИА Новости Жапониянын Киодо агенттигине шилтеме берип жазды.

Агенттик булактары кошумча жардам дрондор түрүндө да келерин айтышууда. Март айында Жапония Украинага курал-жарактарды, каскаларды, жылуу кийимдерди, чатырларды, камераларды, гигиеналык каражаттарды, кургак тамактарды жана өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн генераторлорун жөнөткөн.

Мурдараак маалымдалгандай, шейшембиде, 19-апрелде, Жапония кабыл алган Орусияга  каршы санкциялардын жаңы пакети күчүнө кирип, анда Орусиядан 38 түрдөгү товардын импортуна тыюу салуу камтылган.

Тизмеге башка нерселер менен катар жыгач, приборлор, спирт, ошондой эле кемелердин, учактардын, автоунаалардын жана мотоциклдердин кыймылдаткыч тетиктери кирет.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости