www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 9–12-июль күндөрү Кыргыз Республикасында Франциянын Куралдуу күчтөрүнүн эксперттер делегациясы жумушчу сапары менен жүрөт.
Сапардын алкагында француз аскер адистери Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндөгү тоо даярдыгынын өзгөчөлүктөрү менен таанышып, эки өлкөнүн аскер бөлүктөрүнүн ортосунда келечекте тоо даярдыгы боюнча биргелешкен машыгууларды жана окуу-жыйындарды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашууда.
Жумушчу сапар Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы эки тараптуу аскердик кызматташтыктын алкагында уюштурулуп, аскер кызматкерлерин тоо шартында даярдоо боюнча алдыңкы тажрыйба алмашууга, ошондой эле заманбап чакырыктарды жана коркунучтарды эске алуу менен өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.