www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын Цзиньцзян уездиндеги Huiteng Shoes компаниясына караштуу бут кийим фабрикасында өрт чыгып, 28 адам каза болду. Бул тууралуу «Синьхуа» агенттиги билдирди.
Цюаньчжоу округунун өрт-куткаруу башкармалыгынын маалыматына караганда, фабрикадагы өрт түш маалында чыккан. Өрт чыккан учурда имаратта 237 жумушчу жана жеткирүү кызматынын эки кызматкери болгон.
Жалпысынан 213 адам эвакуацияланган, алардын ичинен экөө ооруканада көз жумган. Ошондой эле дайынсыз жоголду деп эсептелген 26 адамдын каза болгону тастыкталды.
Куткаруу иштерине 500дөн ашык өрт өчүрүүчү тартылган. Фуцзянь провинциясынын бийлиги өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу, окуянын себептерин аныктоо жана күнөөлүүлөрдү табуу үчүн атайын штаб түздү. Штабдын курамына беш жумушчу топ киргизилди.
Полиция компаниянын ээсин жана дагы бир нече кызмат адамын коопсуздук талаптарын сактабагандыкка шектелип кармады. Компаниянын эсептери тоңдурулду.