www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 31-декабрына чейин 300 тоннага чейинки какао порошогун импорттук бажы алымынан 0 пайыздык чен менен бошотуу боюнча демилгеси колдоого алынды. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Бул чечим ички рынокту шоколад, кондитердик, нан азыктары, сүт продукциялары, суусундуктар жана кургак аралашмаларды өндүрүү үчүн зарыл болгон чийки зат менен камсыздоого багытталган.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын Кеңешинин иш-чараларын жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн керектүү товарлардын жеңилдетилген тизмесин кеңейтүү боюнча сунушу да колдоо тапты.

Адистердин айтымында, кабыл алынган чечимдер өндүрүш тармагын колдоого жана эл аралык иш-чараларды уюштурууга керектүү товарларды жеткирүүнү жеңилдетүүгө шарт түзөт.

 

Последние новости